Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, оңдоо иштери Талас шаарынын батыш чек арасынан Казакстан менен чектеш Кичи-Капка постуна чейин жүрмөкчү. Реконструкциялоочу участоктун узундугу 93 километрди түзөт. Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоонун бул (төртүнчү) фазасынын жалпы баасы 105.2 млн долларды түзөт.

ИӨБ 32 млн 392 миң ислам динары өлчөмүндө насыя берет, бул болжол менен 50 млн долларды түзөт. Кредитти төлөө мөөнөтү — 25 жыл.

Транспорт министрлиги долбоор болжол менен 2025-2027-жылдарга чейин ишке ашаарын, ошондой эле кемчиликтер үчүн жоопкерчиликтин кепилдик мөөнөтү үч жылды түзөрүн кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт 22 февраля 2023 г.    11:18
Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 218%га өстү 22 февраля 2023 г.    10:23
Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат 22 февраля 2023 г.    9:54
«Нарын» аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда 22 февраля 2023 г.    9:36
Улуттук банктын кирешеси январь айында эки эседен ашык кыскарды 21 февраля 2023 г.    17:57
Эксперт: Кооперативдер өз мүчөлөрүнө кыймылсыз мүлк алуу мөөнөтүн атап жаңылып жатышат 21 февраля 2023 г.    16:00
Жарандар турак-жай кооперативдери менен тузулгөн келишимдин шарттарын окушпайт — Минюст 21 февраля 2023 г.    15:35
Кооперативди мамлекет эмес, уюмдун мүчөлөрү көзөмөлдөш керек – Кубан Чороев 21 февраля 2023 г.    15:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери