USAID Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоого кошумча 2 млн доллар берет

USAID Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоого кошумча 2 млн доллар берет

АКШ өкмөтү Кыргызстанда коомдук саламаттыкты сактоону жана ишкерлик менен алек болгон аялдарды колдоо үчүн 6 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

2 млн доллар КРдагы аялдардын ишкердигин чыңдоого жумшалат.
Тактап айтканда, бул каражаттар аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт. Мындай түздөн-түз ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү өлкө боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, региондордогу коомчулуктардын экономикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошот.

USAIDдин администраторунун орун басары Коулмандын айтымында, каражаттын 4 млн доллары КРда жугуштуу ооруларга байланыштуу тобокелдиктерди алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу үчүн берилет. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо
системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат.

«Бул колдоо АКШ өкмөтүнүн КРнын эли менен көптөн берки өнөктөштүгүн жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоо боюнча өз ара кызматташтыктарды ырастайт», — дейт агенттик.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
USAID Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоого кошумча 2 млн доллар берет 16 февраля 2023 г.    9:41
КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб 16 февраля 2023 г.    9:31
Made in KYRGYZSTAN: Кыргызстандын лифттери Россияга экспортко даярдалууда 15 февраля 2023 г.    18:55
«Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок — Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр тууралуу 15 февраля 2023 г.    17:14
USAID Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 4 млн доллар бөлүүнү пландоодо 15 февраля 2023 г.    16:56
Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБде экинчи орунда турат 15 февраля 2023 г.    15:32
Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертүүсүз текшерүү жүргүзгөн «сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди 15 февраля 2023 г.    15:17
«БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» венгриялык компаниядан жабдууларды алууга 3 млн евролук долбоорго келишим түздү 15 февраля 2023 г.    13:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери