Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет

Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет

Швейцария өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллардан ашуун каражат берет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн, 24-январда Швейцариянын КРдагы элчиси Оливье Бангертер мырза жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай мырза Швейцария Өкмөтүнүн БУУ ДАТПнын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планына кошкон салымы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов мырза кол коюуга катышып, аны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана активдүү катышуу милдеттенмесин билдирди.

«Швейцария өкмөтү БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык пландын элет жериндеги аялуу жамаатардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 9 миллиондон ашуун доллар бөлүүдө», — дейт министрлик.

Бул иш-чараны БУУ ДАТП КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда. Иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 миң эң аялуу үй-бүлөгө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт.

Каражатка калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулары убадаланууда.


Швейцария өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусунун элине 450 миң доллар берет

Швейцария “КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу” долбооруна 5 млн франк берди

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют