Кооперативди мамлекет эмес, уюмдун мүчөлөрү көзөмөлдөш керек – Кубан Чороев

Кооперативди мамлекет эмес, уюмдун мүчөлөрү көзөмөлдөш керек – Кубан Чороев

Турак-жай-курулуш кооперативдери уюмдун м´үчөлөрү тарабынан контролго алынууга тийиш. Мындай пикирди Economist.kg уюштурган «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деп аталган темада тегерек столунда эксперт Кубан Чороев билдирди.

Эксперттин айтымында, кооперативдердин ишинде демократиялык принцип сакталып, байкоочу кеңешти мүчөлөр өздөрү шайлайт.

«Муну саясий партиялар менен салыштырса болот, эл биригип, өзүн өзү башкарат. Ал эми мамлекеттик органдар ал жакка келип, алардын ишине кийлигишпейт. Убагында мамлекеттик органдар кооперативдердин ишин жакшыртуу үчүн зарыл мыйзамдарды кабыл алган эмес», — деп белгиледи Чороев.

Белгилей кетсек, Кубан Чороев «Бест-Вэй Элет» турак жай-курулуш кооперативинин кеңешинин мүчөсү. Ал кооператив 2018-жылы түзүлгөнүн, бирок 2020-жылдан бери кооператив текшерүүгө алынып, анын эсебине бул уюмдун акционерлерине тиешелүү 50 млн сом бөгөт коюлганын айтты.

«Биз азыр бул каражаттарды алалбай жатабыз. Кооперативдин мүчөлөрү акчасын уюмдун ишмердүүлүгүнөн эмес, мамлекеттик органдардын начар иштегендигинен ала албай жатышат», — деп жыйынтыктады Чороев.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады 24 февраля 2023 г.    15:45
Каныбек Иманалиев Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды 24 февраля 2023 г.    15:32
ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады 24 февраля 2023 г.    13:02
Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди 24 февраля 2023 г.    11:33
ОКӨФ эки долбоорго — Куланак ГЭСин жана Чүйдө цемент заводун курууга 89 млн доллар бөлөт 24 февраля 2023 г.    10:53
Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду 24 февраля 2023 г.    10:10
Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек — Айнура Иманбекова 24 февраля 2023 г.    10:01
Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев 24 февраля 2023 г.    9:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери