Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс

Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган кеңейтилген коллегияга катышып, Ош шаарынын бир канча көйгөйлөрүнө токтолду.

Жапаров Ош шаарынын алдында маанилүү милдеттер тургандыгын билдирип, түштүктөгү борбордун үч негизги көйгөйлүү маселесине токтолду:

  • калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо
  • тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу
  • шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.

«Бишкек жана Ош шаарлары экономиканы өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп, артта калбашы керек. Алар башка облустар жана шаарлар үчүн стимул болушу керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө биз такыр башка көрүнүшкө ээ болуп жатабыз.

Көп жылдардан бери шаар тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси чечилбей келет. Азыркы учурда анын жоктугу — нонсенс. Бул адамдын негизги муктаждыгы. Чара көрүп, бул маселени чечүү керек. Биз бул жаатта жардам берүүгө даярбыз», — деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг — 2022 13 февраля 2023 г.    17:24
ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн 13 февраля 2023 г.    17:02
Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат 13 февраля 2023 г.    15:44
9 банк биригип, каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир алып беришти 13 февраля 2023 г.    14:46
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду КРдагы бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат 13 февраля 2023 г.    14:21
Кийинки жылдан киреше алган бардык жарандар салык декларациясын тапшырышат 13 февраля 2023 г.    13:37
Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда дагы төрт жаранды урандылардын астынан тирүү табышты 13 февраля 2023 г.    11:45
«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө 13 февраля 2023 г.    11:24
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери