Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг

Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг

Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн жылды рекорддук киреше алуу менен жыйынтыкташты. Банк секторунун кирешесинин өсүшү валюта рыногундагы кескин секирүүлөр менен байланыштуу болду. Жалпысынан экономикадагы мындай көрүнүш баанын өсүшүн жана кирешенин азайышын гана алып келет. Бирок валюта рыногундагы операциялар башка мүнөзгө ээ, мында курстардын айырмасынан жакшы пайда көрсө болот.

Economist.kg сайты бардык банктардын өткөн жылдагы финансылык отчетун изилдеп көрүп, алардын 2022-жылы таза кирешеси 23 млрд 640 млн сомдон ашканын аныктады. Ал эми 2021-жылы банктар 4 млрд 432 млн сом гана киреше алышкан. Бул сектордун кирешеси беш эседен ашык өстү.

Рейтинг

Бир гана «Аманбанк» былтыр минус менен чыкты — 11 млн сомов.

Эки банк киреше алуу боюнча лидер болушту:

  • «Айыл банк» — 4.6 млрд сом (өсүү 2065%);
  • «Бакай банк» — 4.2 млрд сом (өсүү 1303%).

Андан ары 2 млрд сомдук чекти «Кыргызстан» КБ — 2.8 млрд сом (+960%) жана «Демир Банк» — 2.1 млрд сом (+477%) ашты. Алдыңкы бештикти «Оптима Банк» жаап, анын кирешеси — 1.8 млрд сомду (+277%) түздү.

2021-жылы бул беш банктын жалпы кирешеси болгону 1.9 млрд сомду түзгөн.

Эгерде кирешенин өсүү темпи тууралуу айта турган болсок, анда «Эко Ислам Банкы» абсолюттук чемпион болду – анын кирешеси 2021-жылдагы 6 млн сомдон былтыры 289 млн сомго чейин (+4694%га) өстү.

Эң аз дегенде, өткөн жылы чыгашалуу «Аманбанкты» эсепке албаганда, Пакистандын Улуттук банкынын филиалы – 32 млн сом (2021-жылы 5 млн), «Финанс Кредит Банк» – 34 млн сом (2021-жылы 7 млн сом зыян тарткан жана «Банк Толубай» — 63 млн сом (38 млн сом) киреше табышкан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери