Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат

Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты  кантип экономиканы туруктуу кармап турат

28-ноябрда Улуттук банк эсептик ченди 14%дан 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул чечимдин негизги аспектиси болуп ички инфляциялык басымдын акырындык менен төмөндөшү саналат. Бирок дүйнөлүк конъюнктура белгисиз болууда, азык-түлүккө, энергетика жана башка товарларга дүйнөлүк баалар акырындык менен төмөндөгөнүнө карабастан баары бир жогору бойдон калууда.

Улуттук банк эмне үчүн сарамжалдуу акча-кредит саясатын карманат жана ал өлкөдөгү бааны турукташтырууга кандай жардам берерин Economist.kg басылмасына Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Керимкулова түшүндүрдү.

Туруктуулук үчүн ага ылайык саясат керек

Экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири — макроэкономикалык туруктуулук болуп саналат. Жогорку инфляция жана алмашуу курсунун туруксуздугу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылбайт, бул жөнгө салуучу банктын атайын саясатын, көңүлүн буруусун талап кылат.

Бул жерде Кыргызстандын экономикасынын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунан өтө эле көз карандылыгын эске алуу зарыл. Ал эми тыштан коюлган баа макроэкономикалык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келет, бул акча-кредит саясатын жүргүзүү шарттарына таасирин тийгизет.

«Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгүдөй эле геосаясий белгисиздиктин жана дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн шартында улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо жана инфляциялык басымды азайтуу максатында Улуттук банк белгилүү бир мезгилге чейин акча-кредит саясатын катаалдаштыруу курсун карманып, негизги ченди этап-этап менен көтөрүп келди», — деп түшүндүрдү Керимкулова.

28-ноябрда эсептик ченди төмөндөтүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышынын себеби, инфляцияга каршы тобокелдиктердин басаңдашы болгон, атап айтканда, буга чейин акча-кредит саясатынын инфляцияны ооздуктоо боюнча көрүлгөн чаралары менен шартталган.

Улуттук валютадагы депозиттер экономиканы насыялоого жардам берет

Акча-кредит саясатынын чечимдерин кабыл алуудагы дагы бир маанилүү фактор болуп, башка чет өлкөлүк валюталардагы аманаттарга салыштырмалуу сомдук депозиттердин жагымдуулугу саналат. Бул банк секторунун узак мөөнөттүү ресурстарын сактоого таасирин тийгизет жана алар өз кезегинде экономиканы насыялоо үчүн зарыл.

Улуттук банк жыл ичинде инфляцияны орточо деңгээлде кармап турууга, улуттук валютага басымды басаңдатууга жана банк секторунун ресурстук базасын көбөйтүү үчүн да, кредиттөөнүн өсүшү үчүн да жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген чараларды көрдү.

Регулятордун аракеттери өз натыйжасын берди. Улуттук банктын өкүлү берген статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын тогуз айында берилген кредиттердин көлөмү 21%га өскөн. Ал эми депозиттер 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га көп кабыл алынган. Эгерде 2021-жылдын август айында банктык кредити бар жеке жана юридикалык жактардын саны 461.5 миң болсо, 2022-жылдын августунда 539.7 миң болгон.

Кыргызстанда алтын көбөйө баштады

Каримкулова белгилегендей, акча-кредит саясаты жаатындагы тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруунун кошумча фактору болуп, Улуттук банктын ички рынокто алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан операциялары саналат.

КРнын алтынына Good Delivery статусу убактылуу токтотулгандыгын эске алуу менен, Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтындын негизги сатып алуучусу болгон. 2022-жылдын ноябрынын ортосуна карата бул жылы сатылып алынган алтындын көлөмү 22 тоннадан ашык өлчөмдү түздү. Алтынды сатып алуунун мындай көлөмү акча сунушунун олуттуу өсүшүнө алып келди.

Алсак, 2022-жылдын январь айынын акырына карата акча базасынын көлөмү 149.4 млрд сом деңгээлинде болсо, октябрдын аягында акча базасы 44.6%га өсүп, 216 млрд сомдон ашык сумманы түздү.

«Мындай шарттарда КРнын Улуттук банкы улуттук валютанын жагымдуулугун сактоо жана инфляциялык басымды минималдаштыруу максатында акча-кредит саясатынын тиешелүү шарттарын аныктоого аргасыз. Болбосо, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо активдүүрөөк интервенцияларды талап кылмак жана Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмүн олуттуу кыскартмак», — дей өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банктын өз убагында көргөн чараларынын аркасында экономика инфляциянын салыштырмалуу орточо деңгээлинде өсүүдө. Бул үчүн КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн эсептик ченин салыштырууга болот.


Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери