Сомду киргизүү туура чечим болгон – Швейцариянын Улуттук банкы

Сомду киргизүү туура чечим болгон – Швейцариянын Улуттук банкы

Сомду киргизүү туура чечим болду. Бул пикирди «Чыкырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө» эл аралык  конференциясында Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан билдирди.

Йордандын айтымында, кыргыз сому аймактагы эң күчтүү валюталардын бири. Кыргызстандын Улуттук банкы оор экономикалык шарттарда ишин улантып жатканын кошумчалады.

«Ошол учурда көптөр бул чечимдин туура эместигин айтышты, бирок сиз алардын пикиринин туура эместигин далилдедиңиз. Ишенимдүү жана коопсуз валютаны түзүү экономиканын гүлдөп өсүшү үчүн абдан маанилүү. Бул билим Манастын убагында да керек болчу, азыр да керек», — деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери