Самаркандекте ооруканын курулушу быйыл аяктайт – Мамкурулуш

Самаркандекте ооруканын курулушу быйыл аяктайт – Мамкурулуш

Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу ооруукананын курулушу 2023-жылда бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Курулуш иштери үчүн президенттин фондунан каражаттар бөлүнгөн. Азыркы учурда ооруканын жер иштери 100% бүткөрүлүп, фундамент иштери 100%, экинчи кабатынын дубалы 100%, чатыры 100%, 2 кабаттын пол иштери 80% бүткөрүлгөн. Сырткы жасалгалоо иштери 50%. Терезелер 100% орнотулган. 2 резервуар 100% орнотулду, от казан орнотмолору 100% бүткөрүлгөн, пландоо 40%.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-17-сентябырында Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кандуу кагылышуунун негизинде аталган ооруканын курулушу  жабыркаган объектилердин арасына кирет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери