Салыкчылар Бишкекте 2.8 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салыкчылар Бишкекте 2.8 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 2 миң 818 куту тамеки жана бир жолу колдонулуучу электрондук тамекинин 685 бирдиги тартып алынды.

Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркаларсыз тамекилерди жүгүртүүгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза каралгандыгын эскертет. Алсак, маркаланбаган продукциянын 500 бирдигине чейин жүгүртүүдө 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат, маркаланбаган продукциянын 500 жана андан ашык бирдиги үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери