Кытайлык энергетикалык консорциуму күн электр станциясын курууга кызыкдар

Кытайлык энергетикалык консорциуму күн электр станциясын курууга кызыкдар

Министрлер кабинети China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) компанияларынын өкүлдөрү менен кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөдө энергетика системасын реструктуризациялоо жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана күн энергиясын өнүктүрүү алкагында бир катар реформалар жүрүп жатат.

«Бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашпай турат, ал эми биз электр энергиясын импорттоону улантып жатабыз», — деп жыйынтыктады Жапаров.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 МВт (1 ГВт) болгон күн электр станциясы пайда болот. Анын курулушуна кызыгуусун China Power International Development Limited жана China Railway 20 Bureau Group Corporation курамындагы кытайлыа энергетикалык консорциуму билдирген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери