ЕРӨБ таза сууга 16.8 млн евро бөлүп берет

ЕРӨБ таза сууга 16.8 млн евро бөлүп берет

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы суу чарба тармагын жакшыртуу программасы боюнча долбоорго кол коюшту. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, долбоор боюнча 18.6 млн евролук кредит берилет. Каражаттын ичинен 10.6 млн евро грант катары.

Аталган каражат «Кыргыз Республикасынын суу чарбасын жакшыртуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын кичи долбоорлору» долбооруна жумшалат.

Бул долбоор аркылуу Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын 70 миңден ашуун калкы борборлоштурулган таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле суунун жоготуулары азайып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жогорулайт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери