2023-жылдын I-кварталында мамсатып алуулар 16 млрд сомго жүргүзүлдү

2023-жылдын I-кварталында мамсатып алуулар 16 млрд сомго жүргүзүлдү

Сатып алуучу уюмдар тарабынан, биринчи кварталдын аралыгында 21 481 сатып алууга (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү), жалпысынан 17.4 млрд сомго жарыяланды. Кыскача отчет Финансы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн.

Алардын ичинен жалпысы 16 млрд сомго, 19 884 сатып алуулар ийгиликтүү жүргүзүлүп, арасынан товарлар 12.3 млрд сомго, жумуштар 2.5 млрд сомго,   кызмат көрсөтүүлөр 1.2 млрд. сомго, ошондой эле консультациялык кызматтар 3 млн сомго сатып алуулар ийгиликтүү ишке ашырылган.

Ошондой эле, республикалык бюджеттен каржыланган мекемелер 4099 мамлекеттик сатып алуу контрактарды, жалпысы 10.52 млрд сомго, жергилүктүү бюджеттен каржыланган мекемелер 1943 мамлекеттик сатып алуу контрактарды, жалпысы 3 млрд сомго, ММКФ мелемелери 1069 контрактарды, жалпысы 1.9 млрд сомго түзүлгөн. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери