Түштүк Кореяда расмий иштеген Кыргызстандын жарандары пенсиялык топтоо төлөмдөрүн алууга укуктуу. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 83 адамды, алардан 68 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү. 10 кишиге негизсиз төлөнгөн жок, 5 адам чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү $3 676 түздү.
Economist.kgге Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиргендей, Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматы он кыргызстандыкты расмий жумушка орношо электигине байланыштуу төлөөдөн баш тартты.