«Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Тендердин баасы 194.7 млн сомду түздү. Ошондой эле, шаар башчысы курулуш иштеринин натыйжалуулугун жана убактысын үнөмдөө үчүн, төрт кампанын курулушун бир убакта баштоону тапшырды.
Белгилей кетсек, суу кампалары шаардыктарды таза суу менен камсыздоо максатында салынып жатат.