Майлуу-Сууда кичи ГЭС куруу үчүн $35.6 млн керектелет

Майлуу-Сууда кичи ГЭС куруу үчүн $35.6 млн керектелет

Майлуу-Суу шаарына кичи ГЭС куруу үчүн $35.6 млн керектелет. Бул тууралуу, Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты.

Минкаб маалымдагандай, демилгечиси «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы. Бул долбоор ишке ашырылса, кубаттуулугу 26.4 МВт болгон кичи ГЭС иштей баштайт. 

Белгилей кетсек, Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлгөндөн бери үч жолу жыйын өткөрүлдү. Бул аралыкта, 38ге жакын маселе каралып, анын 17си аткарылса, 8 чечим ишке ашуу алдында турат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери