Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү

Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү.

2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу  химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19.3%), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18.4%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16.3%), фармацевтикалык продукциялардын (12.9%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,.5%), негизги металлдардын (1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12.7%) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4.6% көбөйдү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери