Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарынын төлөнбөгөн 8.5 млн сомун кайтарып берди

Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарынын төлөнбөгөн 8.5 млн сомун кайтарып берди

Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8.5 млн сомун кайтарып берди. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министрликтин Россиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле РФнын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди ала аласыз.

Өкүлчүлүк тарабынан 2023-жылдын январь айынан апрелге чейин 2788 кыргыз жаранына Орус Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген.

172 кайрылуу иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акы боюнча болгон. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8.5 млн ​​сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди.

Ошондой эле, өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 млн 050 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө жетишти.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери