Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG өкүлдөрүн кабыл алды

Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров «өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык» экендигин белгиледи. 

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери