2023-жылдын I-кварталында КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $2.7 млрд түздү

2023-жылдын I-кварталында КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $2.7 млрд түздү

КРнын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында $2.7 млрд түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Такталгандай, 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 25.4%га көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 15.6%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27.4%га көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында $825.8 млн түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 8.2%га төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 13.3%га көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 14.6%га кыскарган.

2023-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61.2%) жана Казакстанга (36.2%) туура келди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери