Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачылышы мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту. 

«Жакын арада Кытайга мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары жана минкаб төрагасынын иш сапары болоору күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем», – деди Төрөбаев.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери