2023-жылы 172 миңден ашуун кыргызстандык Россияга иштөөгө кетишкен. Муну Федералдык коопсуздук кызматынын Бирдиктүү ведомстволор аралык маалыматтык-статистикалык тутумга жарыяланган статистикасы тастыктап турат. Бул тууралуу россиялык «Ведомости» басылмасы жазып чыкты.
Маалымат боюнча, Россияга эмгек мигранттарынын негизги агымы Өзбекстандан келгендердин эсебинен болгон – 630 миңден ашуун адам. Андан кийин Тажикстан келет – дээрлик 350 миң адам. Кыргызстан үчүнчү орунда – жыл башынан бери биздин өлкөдөн Россияга дээрлик 172.6 миң адам иштөө үчүн кеткен.
Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын директорунун мурдагы орун басары Вячеслав Поставнин «Ведомости» басылмасына түшүндүргөндөй, азыр Россияга келген чет элдиктердин агымы калыбына келе баштады жана мындан ары дагы көбөйөт. Себеби, Борбор Азия республикаларында калктын саны өсүп, бирок эмгек рыногу жок болгондуктан, жашоочулар РФна иш издеп кетип жатышат.