Чолпон-Атада 13-май күнү Issyk-Kul ITF-2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмө туристтик сезондун расмий ачылышына старт берилет.
Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болуп, коноктор туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат.