Транспорт министрлиги Кыргызстан боюнча жолдорду оңдоо боюнча отчет берди

Транспорт министрлиги Кыргызстан боюнча жолдорду оңдоо боюнча отчет берди

Транспорт жана коммуникация министрлиги жаз айларында Кыргызстандын жолдорун оңдоо иштерин жандады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү.

Ошондой эле, Манас унаа жолуна асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүүдө. Жумуштар жолдун 0-3-чакырым аралыгында жүрүп, жеринде атайын техникалар менен кызматкерлер иштеп жатышат. Орловка-Чым-Коргон унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалды.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Учурда суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу, эски асфальтты сыйрып тазалоо, кум менен шагыл аралашмасын төгүп, тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолундагы кар көчкүлөр, тоодон кулаган таштар тазаланып, малчылар үчүн жайыттарга жол ачылууда. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 150-159-чакырым аралыктарында актап, сырдоо, таштандылардан тазалоо жумуштары жүрдү.

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары аткарылды. Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолдун 243-291-чакырымдарында таш терүү жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 0-7-чакырымдарында суу түтүкчөлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 616-632-чакырым аралыгындагы калктуу конуштардын аттары жазылган такталар жаңыланды. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 16-19-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери