2-майдан баштап Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдары аткара башталат. Каттамдарды Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы аткарат, бул тууралуу «МЭА» ААКы билдирди.
«Ысык-Көл» аэропортунан Москванын «Шереметьево» аэропортуна авиакаттамдар жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.