Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип берген.
«Анын бир бөлүгү 25 млн сом «Ника KG» ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды. Ошону менен, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирилген», — деп мекеме белгиледи.
Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.