Марат Черикчиев «Кыргыз почтасынын» төрагасы болуп кайрадан шайланды

Марат Черикчиев «Кыргыз почтасынын» төрагасы болуп кайрадан шайланды

10-майда «Кыргыз почтасынын» директорлор кеңеши Марат Черикчиевди ишкананын башкармалык төрагалыгына кайрадан шайлады. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Черикчиев «Кыргыз почтасында» 2011-жылдын декабрынан бери башкы директордун орун басарынын кызматынан баштаган. Буга чейин Черикчиев Транспорт министрлигинде иштеген.

Кошумчалай кетсек, 28-апрелдеги акционерлердин жалпы жыйынында «Кыргыз почтасы» ишканасынын директорлор кеңешинин курамы жаңыланды. Анын курамына Нургазы Сатимкулов, Бахтияр Болгонбеков жана Усеналы Бекишев кирген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери