2023-жылдын апрель айында МБК бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын апрель айында иш жүзүндө республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 8.8 млрд сом суммада камсыздады.
КР ФМ тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 0.5% аткарылды же 46.8 млн сомго көп чогултулду.
2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда түшүүлөр 3.5 млрд сомго жогорулады же өсүү темпи 65.4%ды түздү.