Жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүүгө жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоого 198.5 млн сом суммасында каражат каралган.
Такталгандай, бөлүнгөн каражаттын ичинен:
- ӨКМдин ведомстволук мекемелери (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча) 100 млн сом;
- ӨКМге караштуу «Сельводзащита» кызматына 98.5 млн сом;
Белгилей кетсек, аталган каржаттар республикалык бюджеттин мыйзамында каралып, жыл сайын бөлүнөт.
Мындан тышкары, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча Чү дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом каралып, учурда бөлүндү.