Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Россияга 7-9-майда болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи күнү Садыр Жапаров Москвада 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган Ржев мемориалды ачып, РФнын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Расмий сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Расмий сапардын акыркы күнүндө мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Ошол эле күнү кечинде Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери