Ош шаарынын автобекети мэриянын балансына өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди.
Такталгандай, минкаб башчысы бир катар объектилерди кыдырды, анын ичинде Ош шаарындагы суу чыгаруучу мунараны, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында турган шаардык автобекетти көрдү.
Жапаров автобекеттин абалын сынга алып, аны Ош шаарынын балансына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.