«Москва инновациялык кластери» Кыргызстан мене кызматташууга кызыкдар

«Москва инновациялык кластери» Кыргызстан мене кызматташууга кызыкдар

КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен «Москва инновациялык кластери» фондунун ортосунда кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган келишимге кол коюлду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, келишимге Москвадагы интерьер жана дизайн жумалыгы алкагында кол коюлду. Жумалык алдыңкы эмерек, эмерек өндүрүүчүлөрдү жана дизайнерлерди бир жерге бириктирди.

Көргөзмөгө 650дөн ашык россиялык жана чет элдик компаниялар катышты.

Ошондой эле кийинки Москвадагы интерьер жана дизайн жумалыгында кыргызстандык компаниялардын келечекте катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери