Кыргызстан менен Дубай БАЭ валютасында операцияларды жүргүзүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Дубай БАЭ валютасында операцияларды жүргүзүүнү талкуулашты

Кыргызстандын Ишкерлер делегациясы Дубайдын Соода палатасында БАЭ валютасында операцияларды жүргүзүүнү талкуулашты. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Ошондой эле, тараптар коммерциялык банктардын акча которуулар, корреспонденттик эсептерди ачуу маселелерин карашты. Туристтик тармактагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Дубай соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанга турларга суроо-талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандагы ишенимдүү туристтик компаниялардын тизмесин сурады. Жолугушууда белгиленгендей, туризм соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт, анткени өлкөнүн потенциалын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз делегациясынан КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев жана транспорттук-логистикалык компаниялардын, банк секторунун, эт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, Кыргызстанда соода-логистикалык борборлорду курган компаниялардын, ошондой эле мыйзамдуу ишке орноштуруу менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери