КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Ирандагы IRAN EXPO-2023 бешинчи экспорттук мүмкүнчүлүктөр көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, көргөзмө дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 1000ден ашык чет элдик ишкерлер жана өнөр жайчылардын катышуусунда өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө 800дөн ашык Ирандын алдыңкы экспортчулары жана өнөр жайчылары өз продукцияларын тартуулашат.
Сариев Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда түзүлгөн комитеттин төрагасы менен Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин жана бизнести өнүктүрүүнү талкуулашты.
Көргөзмөгө Кыргызстандын 42 ишканасынан турган кыргызстандык ишкерлердин чоң делегациясы келген. Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстан менен Ирандын ишкерлеринин эки тараптуу жолугушуулары өттү.