КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Абу-Дабидеги 12-жылдык инвестициялык форумдун (AIM Global 2023) ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти ири инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Тараптар эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле өткөн жылы Араб Ишкерлер Кеңешин түзүү жана анын иштеши боюнча кол коюлган меморандумдун алкагындагы иш-аракеттерди макулдашышты.
12-жылдык инвестициялык жолугушуу (AIM Global 2023) инновацияларга жана технологияга арналган. Форумга дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн өкүлдөр катышаары жарыяланды.