Борбор калаада унаалар өтүү үчүн жаңы өтмөк ачылды

Борбор калаада унаалар өтүү үчүн жаңы өтмөк ачылды

Бишкекте Ч. Айтматов – Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар өтүү үчүн өтмөк ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Такталгандай, «Бишкекасфальтсервис» Айтматов проспектиси боюнча Лев Толстой көчөсүнөн Сейтек мектебине чейинки тилкеде ишкана жолду жана тротуарды реконструкциялоодо.

Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду. Учурда тротуарды даярдоо жана бетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин аталган тилкеде унаалар өтүүчү жол жок болуп, тротуар жараксыз абалга келген. Ишкана эбегейсиз зор аянтты ээлеген Ленин атындагы заводдун бетон тосмолорун да алып, андан кийин 500 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери