Бишкекте Ленская көчөсү капиталдык оңдоого жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.
Такталгандай, 2023-жылга карата жолдорду капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Ленская көчөсүндө оңдоо иштери башталды.
Фучик көчөсүнөн БЧКга чейин 1 чакырымга жакын жолду реконструкциялоо иштери жүрүп, ирригациялык тармактарды тартуу жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери каралууда.
Жеринде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы иш алып барууда, учурда чыгыш тарабына асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүп, жолдун батыш тарабы унаалар үчүн ачык.
Автоунаалардын көп агымына байланыштуу тыгындын пайда болушуна жол бербөө максатында жол кыймылын жарым-жартылай жабуу менен иш жүргүзүү чечими кабыл алынды.