Баткендин ишкерлеринин кредиттерин эсептен чыгаруу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Баткендин ишкерлеринин кредиттерин эсептен чыгаруу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору минкаб токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталганын маалымдап, аталган ишкерлер соода, коомдук тамактануу жана башка чакан ишканаларда иштегенин кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери