Башкы прокуратура: Бишкекте 165 млн сомдук жер тилкесин 5.5 млн сомго сатылганы аныкталды

Башкы прокуратура: Бишкекте 165 млн сомдук жер тилкесин 5.5 млн сомго сатылганы аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жана «Кадастр» МИнин Бишкек филиалынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген коррупциялык фактылар аныкталды.

Тактап көрсөткөндө, 2007-жылы жогоруда аталган кызмат адамдары КРнын мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, формалдуу түрдө аукцион өткөрүп, жеңүүчү деп А.Э.Ж. аттуу жаранды аныкташып, ага Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5.5 млн сомго мыйзамсыз сатышкан. Андан кийин аталган жаран жер тилкени «К.Н.М.» ЖЧКсына саткан.

Ал эми, жалпы аянты 0.97 га жер тилкесинин базар баасы 165 млн 737 миң сомду түзөт. Азыркы учурда «К.Н.М.» ЖЧКсы тарабынан бул жер тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп келет.

Жогоруда аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери