«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1.1 млрд сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, келтирилген зыяндын 80% жакыны – 844.5 млн сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.
Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү.