Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот

Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот

Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Мекеменин жетекчиси Тилек Текебаев Ак-Суу районундагы Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолуна барып, жакында гана асфальтталган тилкедеги (5 чакырым) иштин жыйынтыгын көрүп, жол четин кошо бүтүрүүнү тапшырды.

Министр Тилек Текебаев быйыл жогоруда аталган эки районду бириктирип турган Кызыл-Кыя ашуусундагы жолду оңдоп-түзөө тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, азыркы тапта ал ашууда кар жатат. Күн жылып, кар кетери менен жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Кызыл-Кыя ашуусунун жолу 15 чакырымды түзгөн шагыл жол.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери