БШК депутаттары борбор калаанын 2023-жылга бюджетин кабыл алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18.4 млрд сом өлчөмүндө болжолдонгон, бирок республикалык бюджеттен 3.8 млрд сом өлчөмүндөгү кошумча трансферттерди эске алуу менен шаардын бюджети 22.8 млрд сомду түздү.