2022-жылы «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын кирешеси 114 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, комбинат жумушчуларына 38 млн 473 миң сом карызы бар болчу.
2022-жылдын октябрында заводго экинчи өмүр берилди. Жаңы директор дайындалып, оптималдаштыруу планы түзүлдү. Ошентип, ишкана 2022-жылдан киреше менен чыкты.
2020-жылы ишкананын чыгымы 38 млн 186 миң сомду түзгөн, 2021-жылы – 41 млн 357 миң сом.