2023-жылдын I кварталына карата республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1305 даанага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ээлеген аянты 175.6 га жерди түзөт. Күнөсканалар облустар боюнча төмөнкүдөй санда:
- Чүй облусунда 98 даана (69.2 гектар);
- Ысык-Көл облусунда 50 даана (2.4 гектар);
- Нарын облусу боюнча 34 даана (13.9 гектар);
- Талас облусунда 10 даана (1 гектар);
- Ош облусу боюнча 348 даана (49 гектар);
- Баткен облусу боюнча 161 даана (4.9 гектар);
- Жалал-Абад облусу боюнча 604 даана (34.4 гектар).