Президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.
Ал эми эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат.