Коммерциялык банктардын кирешеси I-чейректе 5.4 млрд сомду түздү

Коммерциялык банктардын кирешеси I-чейректе 5.4 млрд сомду түздү

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2023-жылдын январь-март айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 5 млрд 414 млн сомду түздү.

Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге көп, ал учурда банктар 1 млрд 919 млн сом пайда алышкан.

Эске салсак, бүтүндөй өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси 23.1 млрд сомду түзгөн, бул өлкөнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. 2021-жылы КРнын коммерциялык банктары болгону 3.6 млрд сом, 2020-жылы 2.3 млрд сом, 2019-жылы 3 млрд сом киреше алышкан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери