2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 66.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, план 9.7% ашыгы менен аткарылды.
Кирешенин ичинде:
- салыктык кирешелер – 53.8 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. Такталган пландан 1.1%га ашыгы менен аткарылды;
- салыктык эмес түшүулөр – 11 млрд сомду түзүп, 83,2% га ашык аткарылды.
Мамлекеттик инвестицияларды (ПГИ) эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 1.9 млрд сомду түзуп, пландын аткарылышы 19.2 %ды түздү.