ЖК кафелер жана ресторандар үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын бекитти

ЖК кафелер жана ресторандар үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары 16-мартта Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү кароодо коомдук тамактануучу жайларга бирдиктүү салыктын ставкаларын бекитти.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, кафе-ресторандар үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөнкүдөй белгиленүүдө:

  • Бишкек жана Ош шаарларында накталай төлөмдөр үчүн 5%, накталай эмес төлөмдөр үчүн 3% болот;
  • региондордо накталай төлөмдөр үчүн 4% жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2% өлчөмүндө тарифтер белгиленген.

Парламент кабыл алган өзгөртүүлөрдү президент бекитиши керек.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери