Париж клубу «жашыл демилгелерди» ишке ашырууга Кыргызстанга €60 млн насыяга берүүгө даяр

Париж клубу «жашыл демилгелерди» ишке ашырууга Кыргызстанга €60 млн насыяга берүүгө даяр

Париж клубу «жашыл демилгелерди» ишке ашырууга Кыргызстанга €60 млн чейин кредиттик линияны ачуу даяр. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Париж шаарында Финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен КР Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Экономика финансы департаментинин директору Винсент Принго менен жолугушту.

Париж клубуна дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешкен салым кошо турган Кыргыз Республикасында Трасттык фонд түзүү аркылуу жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында француз тарап кредиттик линиядан сырткары, €500 миңге чейин грантка каражат бөлүү боюнча макулдашылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери