«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды – УКМК

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды – УКМК

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги мыйзамсыз 700 млн сомго жакын акчаны чыгарып кеткендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызнефтегаздын» башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

«Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык «Кыргызнефтегаз» ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн», — деп мекеме белгиледи.

Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгилей кетчү нерсе, аталган Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери